Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 471 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районунда индустриалдык-логистикалык технопарк куруу улуттук инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15, 16-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 471 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пунктунун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев