КР Министрлер Кабинетинин 09.10.2025-жылдын № 650 токтому

Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрацияга квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө

«Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 82-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо
 1-тиркемеге ылайык; 

2) Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык; 

3) Кыргыз Республикасындагы актуардык иш жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык; 

4) Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;

5) Баалоочуларга, камсыздандыруу сюрвейерлерине жана аджастерлерге квалификациялык талаптар жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 712 «Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 «Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августандагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 8, 9-пункттары;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 159 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2012-жылдын 1-августундагы № 525 «Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 «Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин ишинин маселелери жөнүндө» токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321 «Кыргыз Республикасында актуарийлердин ишинин маселелери жөнүндө» токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-августундагы № 456 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2012-жылдын 1-августундагы № 525 «Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун
 5-пункту;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 «Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме 1 .pdf

Тиркеме 2.pdf

Тиркеме 3.pdf

Тиркеме 4.pdf

Тиркеме 5.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу