КР Министрлер Кабинетинин 13.10.2025-жылдын № 660 токтому

Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө

Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 70, 77, 94-беренелерине, “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.   Төмөнкүлөр бекитилсин:

1)  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык; 

2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби 2-тиркемеге ылайык;

3)    Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 647 “Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 “Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев