КР Министрлер Кабинетинин 07.10.2025-жылдын № 642 токтому

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү жөнүндө 

Калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптуу өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”
 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмүн берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо: 

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Ушул Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) бала төрөлгөндө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүнөн, бир жолку “Бала Береке” төлөмүнөн тышкары, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу жана аларды чектөө тартибин аныктайт, ошондой эле бала төрөлгөндө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүнөн, бир жолку “Бала Береке” төлөмүнөн тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылган адамдарга, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар чектелген адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн документтердин тизмегин белгилейт.”.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана ар бир кийинки баласын төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) баласы бир жашка чыкканда берилүүчү бир жолку “Бала Береке” төлөмү жөнүндө үй-бүлөлөргө автоматташтырылган маалымат берүүнү киргизсин. 

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте республикалык бюджеттен бир жолку “Бала Береке” төлөмүн өз убагында төлөөгө акча каражаттарын бөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Тиркеме.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                    А.А. Касымалиев




Тиркемелер

Басып чыгаруу