КР Министрлер Кабинетинин 06.10.2025-жылдын № 636 токтому

Айрым суу сактагычтарда балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө

Балык запастарын сактоо, көбөйтүү, балык чарба көлмөлөрүндө балыктардын жашоо чөйрөсүн жана көбөйүү шарттарын жакшыртуу максатында, “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктчасына,
 38-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик маанидеги балык чарба суу көлмөлөрү: Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарында (мындан ары – суу сактагычтар) жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого (уулоого), ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга, төмөнкү учурлардан тышкары үч жылдык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:

1) садоктук балык өстүрүүнү жүзөгө ашыруу;

2) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;

3) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдык пландык иштерди жүргүзүү;

4) илимий изилдөө иш-чараларын жана балык популяциясынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:

1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу сактагычтарда балык кармоого (уулоого) балык уулоо документтерин берүүнү төмөнкүлөрдү жүргүзүү учурларынан тышкары үч жылдык мөөнөткө убактылуу токтотуп турсун:

– балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча белгиленген тартипте бекитилген жана макулдашылган пландык иштерди;

– илимий-изилдөө иш-чараларын, суу биологиялык ресурстарынын абалына ихтиологиялык мониторингди;

– ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюшкан формаларын;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу сактагычтардагы сырьелук балык запастарынын абалына жыл сайын илимий ихтиологиялык изилдөөлөрдү жана мониторингди жүргүзүү жолу менен балык запастарын сактоого жана көбөйтүүгө белгиленген мораторийдин таасирин баалоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын;

3)   мораторий мезгилинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу сактагычтарды балыктандыруу жана балык запастарын көбөйтүү максатында балыктын карп жана өсүмдүк жей турган түрлөрүн жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзсүн;

4) жыл сайын 1-декабрга чейинки мөөнөттө ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу сактагычтарда мыйзамсыз балык кармоо (уулоо) жана браконьерлик учурларын болтурбоо маселелери боюнча жаратылышты коргоо, укук коргоо органдары менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Талас облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттерин координациялоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу сактагычтарда браконьерлик учурларын токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

5.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну  контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын  

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы       А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу