КР Министрлер Кабинетинин 06.10.2025-жылдын № 637 токтому

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо
 3-тиркемеге ылайык;

4) Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо
 4-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:  

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 16 “Чет өлкөлөрдөн берилген философия доктору академиялык даражаларынын (PhD) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 671 “Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1. ЖАК жөнүндө жобо.pdf

2. Дисс.кеңеш.pdf

3. Окумуш.даража.pdf

4. Наам ыйгаруу.pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                  А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу