КР Министрлер Кабинетинин 19.09.2025-жылдын № 623 токтому

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жана 3 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун (мындан ары – “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу) өлчөмү 3000 (үч миң) сом суммасында белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамын  ишке ашыруу тууралуу”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:

– 1-пункт төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын: 

“1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнөн, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунан   тышкары, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу жана аларды чектөө тартибин аныктайт, ошондой эле бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнөн, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылган адамдарга, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар чектелген адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн документтердин тизмегин белгилейт.”.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте республикалык бюджеттен “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун өз убагында төлөө үчүн акча каражаттарын бөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Приложение_кырг.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                    А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу