Жамангулов Азамат Саадатбекович
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри
1987-жылдын 7-майында Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2009 – 2012-жылдары“АТФ Банк Кыргызстан” ААКда ар кандай кызматтарда иштеген;
2012–2014-жылдары - “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКда адис, корпоративдик кардарлардын менеджери;
2014 – 2015-жылдары - “РСК Банк” ААКнын насыя берүү бөлүмүнүн башчысы;
2015 – 2021-жылдары - “Кыргызстан Ижара Компаниясы” ЖАКнын тобокелдиктер боюнча менеджери, операциялык бөлүмүнүн башчысы;
2021 – 2023-жылдары - “Нью Маркет Текнолоджис” ЖЧКнын директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары;
2023 – 2025-жылдары - “Альфа Телеком” (МЕГА) ЖАКнын Мобилдик каржы кызматтары бөлүмүнүн башчысы, “Кыргызмобайлкомпани” (МегаПэй) ЖЧКнын Башкармалыгынын төрагасы.
2025-жылдын 29-январынан тарта Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри.