Алиев Бахтияр Жеңишбекович
Төрага
1978-жылдын 21-ноябрында туулган. 2000-жылы Ош Технологиялык университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
1999 – 2000-жылдары - Чүй облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык контроль боюнча мамлекеттик инспекциясы, мамлекеттик финансы инспектору;
2000 – 2001-жылдары - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык компания, көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Биринчи май райондук башкармалыгы, тышкы контроль бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2003-жылы - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Биринчи май райондук башкармалыгынын жеке жактар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы;
2007-жылы - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Октябрь райондук башкармалыгынын жеке жактар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы;
2008 – 2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Октябрь райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2009 – 2020-жылдары - «КР КТРК Республикалык радиотелеборбору» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
2020– 2021-жылдары - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
2021-жылдан баштап - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Төрагасы.