Сыдыков Бакыт Толомушевич

Сыдыков Бакыт Толомушевич

Экономика жана коммерция министри

1978-жылы 7-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.  
 
2000-жылы Кыргыз эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн (эл аралык мамилелер багытындагы бакалавр).
 
2002-жылы Кыргыз эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн (эл аралык мамилелер багытындагы магистр).
 
2010-жылы Рицумейкан университетин (Киото, Кусацу, Япония) бүтүргөн, экономика багытындагы магистр.
 
Эмгек жолу:
 
2002-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчы, мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги, эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги;  
 
2019-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Тышкы байланыштар жана көмөк көрсөтүүнү координациялоо башкармалыгынын начальниги;
 
2022-жылдын майынан 2023-жылдын декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын Туруктуу өнүгүү максаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамдарга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
 
2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн Туруктуу өнүгүү максаттар жана донордук жардамга мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы;
 
2024-жылдын февралынан 2024-жылдын декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
 
2024-жылдын 18-декабрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.  
 
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.