Орозов Бактияр Сайпидинович

Орозов Бактияр Сайпидинович

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри

1986-жылы 28-майда туулган.

2008-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2010-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн, адистиги: Экономика жана ишкана башкаруу. Юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек ишмердүүлүгү:

10.2008-07.2009-жылдары - Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясы, укуктук, кадрдык жана документациялык камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

09.2009-07.2019-жылдары - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институту, юридикалык сабактардын окутуучусу;

09.2009 - 09.2013-жылдары - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ректордун жардамчысы, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, “Кылмыш процесси жана криминалистика” кафедрасынын алдындагы криминалистика кабинетинин башчысы, Юридикалык институттун мамлекеттик жана укуктук саясат бөлүмүнүн башкы, жетектөөчү адиси, Юридикалык колледждин тарбия иштери боюнча башчысынын орун басары;

09.2013 - 11.2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;

03.2014 - 09.2015-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын консультанты;

09.2015 - 07.2016-жылдары - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Юридикалык институту, “Кылмыш-жаза укугу жана процесс” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу;

2016-жылы - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы, Өкмөттүн Аппаратынын ишин камсыздоо боюнча топтун башкы адиси;

08.2016 - 05.2021-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, Өкмөткө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо боюнча сектор башчысы, укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти, чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн референти;

05.2021 - 02.2022-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, курулуш, транспорт, жолдор коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, курулуш, транспорт, жолдор жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;

25.02.22 - 13.09.2022-жылдары - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары;

13.09.2022 - 05.2025-жылдары - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, юстиция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары, КМШнын Адам укуктары боюнча кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын өкүлүнүн орун басары.