Ибраев Таалайбек Омукеевич

Ибраев Таалайбек Омукеевич

Энергетика министри

Ибраев Таалайбек Омукеевич - 1961-жылы 28-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган.

Билими:
2003-жылы Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 
"Энергетика комплексиндеги компаниялардын бухгалтердик эсеби жана мүлкүн башкаруу" боюнча Westminster Management диплому.
Иш тажрыйбасы:
1980-1980-жылдары Фрунзедеги «50 лет Октября» тигүү фабрикасынын 4-разряддагы электр монтеру;
1980-1982-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1982-1983-жылдары - Кыргыз ССРнин курулуш министрлигинин КМБнын 3-категориядагы электр монтеру, 4-разряддагы электр монтеру;
1983-1987-жылдары - Чолпон-Ата тиричилик комбинаты;
1987-1988-жылдары - В.И.Ленин атындагы заводу;
1988-1992-жылдары Кочкор чарбалык комбинаты;
1992-1997-жылдары - «Уз» МИнын электриги;
1998-2001-жылдары - Бишкек ТЭЦтин Электрондук сатуу бөлүмүнүн чарбалык тобунун контролеру, техник, инспектору. 
2001-2004-жылдары - Бишкек энергия сатуу ишканасынын жетекчинин орун басары,  инспектору, улук инспектору;
2004-2005-жылдары - Сокулук РЭСинин энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы;
2005-2008-жылдары - «Түндүк электр» ААКнын коммерциялык директору;
2005-2008-жылдары «Ошэлектро» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү. 
2008-жылы – «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун орун басары жана ошол эле учурда "Чыгыш электр" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү.
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин эксперти;
2011-2014-жылдары - «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун орун басары;
2014-2015-жылдары «Оргтехстрой» ААК башкармалыгынын төрагасы;
2015-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты;
2016-2021-жылдары - «КУЭТ» ААК ЧуПВЕСтин директору;
2021-жылы – «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын башкы энергетики;
2021-2022-жылдары - Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары
2022-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Энергетика министри.
Сыйлыктар:
Мамлекеттик чин: III класс;
Ардак белгиси - "КМШнын эмгек сиңирген энергетики";
«Каарман» Ардак белгиси - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отличниги.